БИШКЕК. АКШга барып келген кыргыз саясатчылары бүгүн Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг менен жолугушту. Анда 28-февралдан 15-мартка чейин созулган кыргыз саясатчыларынын АКШга сапардын жыйынтыгы талкууланды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. АКШнын мамлекеттик департаментинин «Эл аралык визитерлор» программасынын алкагында Кошмо Штаттарда мурунку премьер-министрлер Курманбек Бакиев, Амангелди Муралиев, саясатчылар Муратбек Иманалиев, Өмүрбек Текебаев жана Эмил Алиев болуп кайтышкан.