Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Нарында тоо арасында калган аңчылар куткарылды


БИШКЕК. Нарын облусунун Атбашы районунда тоо арасында кар көчкүдө калган аңчылар бүгүн облустук жана райондук оруканаларга жеткирилишти. Аларды куткаруу иштери өлкөнүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы менен жүргүзүлдү. Ооруканаларга жеткирилгендердин ичинен тогузу оор жаракат алышкан.
16-мартта Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин авиация департаментине караштуу тик учак аңчыларды куткарып келе жатып аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу тоо арасына кулап, бир учкуч жана бир жергиликтүү тургун каза болуп, көпчүлүгү жаракат алышкан.
15-март күнү кар көчкүдөн улам 22 адам, алардын ичинде Канаданын бир, АКШнын эки атуулу Атбашы районундагы «Музтөр» чегара пунктунан 20 чакырым алыстыктагы тоо арасында калып калган.

XS
SM
MD
LG