Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Адам укуктары боюнча эларалык федерация билдирүү таратты


БИШКЕК. «Кыргызстанда укук коргоочуларга, көз карандысыз маалымат каражаттарына кысымдар уланууда, аткаруу бийлигинин күчү барган сайын артууда» деген билдирүүнү адам укуктары боюнча эларалык Федерациясы Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттендин Кыргызстанга келишине байланыштуу таратты. Билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстанда 2003-жылдын февралында өткөн референдум президенттин бийлигинин күчөтүлүшүнө жана атуулдардын эркиндиктеринин чектелишине алып келди. «Кыргызстанда саясий оппоненттерге каршы репрессивдүү иш-чаралар колдонууда. Маселен, оппозициялык көз караштагы «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов камакта жатат. Кыргыз бийлиги адам укуктары боюнча ратификацияланган эларалык макулдашууларга ылайык өз милдеттерин аткарбай келет», деп айтылган билирүүдө. Адам укуктары боюнча эл аралык Федерациясы Кристофер Паттенден Кыргызстандын бийлигине өлкөдө адам укуктары боюнча эларалык стандартардын аткарылышы үчүн дипломатиялык жана саясий таасир көрсөтүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG