Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттен келди. Ал ушул эле күнү өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаевдин кабыл алуусунда болду. Анда Кыргызстан менен биримдиктин кызматташуусу жөнүндө маселе талкууланып, жолугушуунун соңунда тараптар биримдиктин өкүлчүлүгүн Бишкекте ачуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Андан кийин Кристофер Паттен өлкөнүн өкмөттүк эмес уюмдарынын, саясий партияларынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен жолугушту. Анда өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, президенттик жана парламенттик шайлоого даярдык маселеси талкууланды. Европа биримдиги Кыргызстанга ТАСИС программасынын алкагында 1991-жылдан бери 85 миллион евро, ал азык-түлүк коопсуздугу программасынын алкагында 1996-жылдан бери 60 миллион евро жардам көрсөткөн. Бул программанын алкагында быйылкы жылы 10 миллион евро бөлүнмөкчү.

XS
SM
MD
LG