Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:38

Алжирде терракт болду


АЛЖИР. Алжир полициясынын маалымдашынча, ислам согушчандары сөөк коюу тажыясынын учурунда жети адамды өлтүрүп кетишти.
Баш калаадан 400 чакырым алыс жерде дагы эки киши жарадар болушту. Мындай кол салуулар президент Абделазиз Боутефликанын президенттик шайлоо алдындагы өнөктүгү менен байланыштырылууда. Президенттик шайлоо 8-апрелге белгиленген.

Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган - Бурулкан Турдубек кызы, Прага
XS
SM
MD
LG