МАДРИД. Испаниянын ички иштер министри Анхел Ацебес өткөн аптадагы террордук жардырууну териштирүүдөн олуттуу тыянак чыгаарын белгилеп, бирок маалыматты ачыктаган жок. Ал эми маалымат каражаттарынын жазышынча тергөө “ал-Каида” уюму менен байланышы бар деп шектелген марокколук адамга басым жасоодо.
Марокколук Жамал Зугам жана дагы төрт шектүү адам жарылуудан кийин дароо камакка алынышкан. Бир учурда болгон бир нече жарылуудан Испанияда 201 адам набыт болуп, 1400дөн ашык адам жаракат алган.
Марокколук Жамал Зугам жана дагы төрт шектүү адам жарылуудан кийин дароо камакка алынышкан. Бир учурда болгон бир нече жарылуудан Испанияда 201 адам набыт болуп, 1400дөн ашык адам жаракат алган.