Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Атом кубаты боюнча эларалык агенттик Иран менен кызматташтыгын улантат


ВАШИНГТОН. Атом кубаты боюнча эларалык агенттиктин башкы директору Мухаммед аль-Барадейдин билдиришинче, өзөктүк куралдарды жайылтпоо багытында МАГАТЭ Иран менен кызматташат. Мындай билдирүүнү ал журналисттерге президент Буш менен жолугуп чыккандан кийин Вашингтондо жасады. Ал өз сөзүндө эларалык инспекторлорду Иран өзүнүн өзөктүк аймактарына буга чейин киргизбей келгендигине өкүнгөндүгүн билгизди.
Барадейдин айтымында, кызматташтык уланганы менен эларалык агенттиктин эксперттери Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу бир тыянакка келише элек. МАГАТЭ жана ырасмий Вашингтон Иранда өзөктүк курал жасалыш ыктымалдыгын маал-маалы менен болжолдоп келатат. АКШ президенти менен Атом кубаты боюнча эларалык агенттиктин башчысы бул ирет Вашингтондо агенттиктин Ирандын өзөктүк программасы боюнча Венада кабыл алган резолюциясын талкуулашты.

XS
SM
MD
LG