ПРИШТНА. Албандар менен сербдер ортосунда кечинде болгон кагылышуудан кеминде 14 киши набыт болуп, 250 чамалашы жарат алганы кабарланууда. Үйлөр, имараттар жана борбордогу мечит өрттөлгөнү билдирилди. Бул жагдайга байланыштуу НАТО менен Бириккен улуттар уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрү Косоводо көзөмөлдү күчөттү.
Европа биримдигинин өкүлү Хавьер Солана эки улуттун бул кагылышуусу Косовонун келечегине коркунуч келтирээрин белгиледи. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер менен БУУнун баш катчысы Кофи Аннан да тынчсыздангандыктарын билдиришти. Ал эми Косовонун президенти Ибрагим Ругова чатакты токтотууга чакырып жергиликтүү калкка кайрылды:
- Мен Митровица атуулдарына каршылык көрсөтүүнү токтотуу суранычы менен кайрылам, - деди Косово президенти, - Анткени бул чатак Косового пайда алып келбейт. Мен ошондой эле кагылышууларды болтурбоо кызыкчылыгы үчүн жолду ачууну Серб атуулдарынан, Ветерник аймагынан кетүүнү албандардан суранам.
Косово аймагында чатактын ырбашына шаршембиде кечинде серб улутундагы бир уландын жараат алышы жана албандардан эки баланын сууга агып кетиши себеп болгон.