ТАЛАС. Талас облусунда көз карандысыз "Эл үнү" эркин газетасынын биринчи саны жарык көрдү. Облустук Юстиция башкармалыгынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нуркалый Сөлпиевдин 18-марттагы билдирген маалыматына караганда "Эл үнү" деп аталган газета калктын мүдөө-талабын бийликке жеткирүү максатын көздөгөн облустагы биринчи басылма эмес. Буга чейин жарык көрүп жүргөн "Шоола", "Замана", "Билим баяны", тартип сакчылыгында "Пульс", "Шаар жаңырыгы" газеталары көпчүлүктүн колдоосуна жетише албай иши токтоп калгандыгы белгилүү. 17-марттан баштап жарык көрө баштаган газетанын негиздөөчүлөрүнүн пикири боюнча, эл үнүн бийлик өкүлдөрүнө жеткирип, алардан элге жооп алып берүү газетанын негизги максаты. "Элүнү" газетасы кыргыз, орус тилдеринде айына 2 жолу чыкмакчы.