БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунан 18-мартта алынган маалыматка караганда, жыл башынан ушул күнгө дейре 50 чакты адамдын ичкелтеге кабылганы шектелип, алардын жыйырма бири бул ооруга чалдыкканы аныкталган. Илдет негизинен Баткен районундагы Карабак, Кызылбел жана Пасарык айылдарынан чыккан. Оорунун жайылуусуна таза суунун таңкыстыгы жана санитардык эрежелердин сакталбаганы себеп болгон. Дарыгерлердин пикирине караганда, күндүн ысышы менен жугуштуу бул илдеттин жайылып кетүү коркунучу туулат. Андыктан учурда илдет мындан ары жайылып кетишинин алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Баткен районунда өткөн күздө да ичкелте жайылып, жалпысынан 100 чакты адам ооруга кабылган.