Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Алабука-Чаткал жолун ачуу аракети жасалууда

ЖАЛАЛАБАД. 18-мартта Чаткалдан Алабука, Канышкыя, Чоңсай жолдорун ачуу иштери улантылды. Райондук мекемелердин 3 техникасы менен 30 адам жолду тазалоо аракетин көрүп жатышат. Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча, жолдун 71-, 74-, 103-чакырымдарынын аралыгына 16-мартта 21 миң кубометрден ашык кар көчкү түшүп, облус борборунан ыраак турган Чаткал жана Алабука райондорунан жол катнашы үзүлгөн. Чаткал райондук бийлигинен алынган маалымат боюнча жол 21-мартта ачылышы ыктымал жана көчкүдөн эч ким жабыр тарткан жок.
XS
SM
MD
LG