БИШКЕК. Демократияны өнүктүрүү Фонду тарабынан «Демократиянын келечеги: саясатчылардын көз караштары» деген темада Кыргызстандагы белгилүү саясатчылардын форумдары өткөрүлөт. Алгачкы мындай жыйын 23-мартта Бишкекте өтөт жана ага өлкөнүн экс-премьер-министри, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиев, экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министри, «Алга Кыргызстан» партиясынын өкүлү Амангелди Муралиев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы, өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев, «Атамекен» социалисттик партиясынын төрагасы, парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаев жана «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев катышат. Жыйынга ошондой эле маалымат каражаттарынын, атуулдук коомдун, эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Демократияны өнүктүрүү фондунан маалымдашкандай, мындай жыйындардын башкы максаты: саясатка карата жаңы көз карашты калыптандыруу, атуулдук коомдун саясий жараяндарга катышуусун активдештирүү.