Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:37

Долон ашуусунда кырдаал кооптуу


НАРЫН. 17-мартта Бишкек - Торугарт жолунун 289-290 чакырымында түшкөн кар көчкүлөр тазаланмайынча жол каттамын убактылуу токтото турууну Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков тургундардан өтүндү. Бишкек - Торугарт жолунун 289-290 чакырымдарында көлөмү 400 миң жана 800 миң кубометр көлөмдөгү эки чоң көчкү түшкөн. 18-мартта көчкү түшкөн жерде болуп келген облустун губернатору Аскар Салымбековдун "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, тазалоочу техникалар Чүйдөн, Ысыккөлдөн келип, тиешелүү министрликтин адамдарынан түзүлгөн топ тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Көчкүнүн көлөмү чоң жана дагы эки коктудан көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан 7-10 күн аралыгында калкты шашылыш иши болбосо жолго чыкпай тазалоочуларга жолтоо болбоону өтүндү. Техникалар үчүн 2 тонна күйүүчү май бар, дагы 10 тонна күйүүчү май берилет деп кошумчалады губернатор. Ал эми облустун жарандык коргонуу башкармалыгынан алынган маалымат боюнча көчкү түшүү коркунучу бар 14 жерге экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен адистер келип аткылашкан. Натыйжада аба ырайы суук болгондуктан көчкүлөр түшкөн эмес. Адистер эрте аткылашты, биз аларды март айына чакырганбыз деп билдиришти жарандык коргонуу башкармалыгынан.

XS
SM
MD
LG