Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Бейөкмөт уюм Аксы районунун акимчилигин сотко берди


БИШКЕК. Кечээ Жалалабад облусунун Аксы районунун сотунда «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын арызы каралып, жарым-жартылай канааттандырылды. Укук коргоочу Абдрасулова маалымдагандай, анын сотко кайрылгандыгынын себеби Аксы районунун жетекчилиги Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митингин 17-мартта Кербенде өткөрүүгө уруксат бербегендигин 16-март күнү гана билдирген. Ал эми мыйзамга ылайык митинг, пикет, жыйындарды өткөрүү боюнча өтүнүчтөргө администрация жетекчилиги 7 күн мурда жооп берүүгө тийиш. Аксынын "Энелер кыймылы" уюму жана Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо комитети райондун акимине 17-мартта эскерүү митингин өткөрүү өтүнүчү менен 21-февралда кайрылышкан.

Райондун акими оозеки түрүндө өзүнүн макулдугун билдиргени менен, эскерүү жыйыны өткөрүлөөрүнө бир күн калганда Кербенде митинг өткөрүүгө уруксат берилбейт деген чечимин чыгарган. Райондук соттун төрагасы Алтымыш Маткасымовдун төрагалыгында кечээ болгон сот жараянында райондук администрация жетекчисинин чечими мыйзамга каршы келет деген бүтүм чыгарылды. «Кылым шамы» бейөкмөт уюму Аксынын акимчилигин мыйзам бузгандыгы үчүн Кылмыш Кодексине ылайык сот жообуна тартылышын талап кылууда.

XS
SM
MD
LG