Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Тик учактын кырсыкка учурашы иликтенет


БИШКЕК. 15-мартта Атбашы районунда Ми-8 МТВ тик учагынын кырсыкка учурашына байланыштуу саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов, чегара кызматынын башчысы Калмурат Садиев, экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары 18-мартта маалымат жыйынын өткөрүштү. Садиевдин айтымында, тик учак кар көчкүнүн камоосунда калган аңчыларды куткаруу үчүн барып, аларды алып кайткандан беш минутадан кийин кырсыкка учураган. Анын натыйжасында тик учактагы 24 кишинин экөөсү каза таап, көпчүлүгү жаракат алган. Азыркы кезде жаракат алгандардын бешөөсү Нарында, жетөөсү Атбашы райондук ооруканасында дарыланууда. Тик учактын кырсыкка учурушын иликтөө максатында премьер-министр Николай Танаев башында турган комиссия түзүлүп, ал эми башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Эксперттик иштерди жүргүзүүгө көмөктөшүүгө Москвадан адистер келди.

XS
SM
MD
LG