БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту "Ганси" авиабазасын жардырганга даярдык көрүшкөн деген шек менен кармалгандарга карата ачылган кылмыш ишин кароону улантты. Бул күнү күбөөлөрдүн көргөзмөлөрү угулуп, мамлекеттик айыптоочу - Ленин райондук прокуратурасынын өкүлү Татти Исмаилова тергөө протоколу боюнча сот жообуна тартылып жаткандардын айыптарын угузду. Айыпталуучулардын бири болгон казакстандык атуулдун адвокаты Бабуржан Жээнбеков сотко айыпталып жактандардын улуттук коопсуздук кызматкерлери тарабынан уруп-сабалгандыктары боюнча көз карандысыз соттук-медициналык экспертиза өткөрүү өтүнүчү менен кайрылды. Бирок сот анын өтүнүчү боюнча жооп берилген жок. Ал эми айыпталуучулар сотто дагы бир ирет аларга коюлган күнөөлөр тергөө учурунда уруп-моюндарына албай тургандыктарын билдиришип, аларга коюлган күнөө уруу-сабоо менен алдырылгандыгын белгилешти. Ганси авиабазасын жардырууга дярдык көрүшкөн деген шек менен өткөн жылы Кыргызстандын 3, Казакстандын бир атуулу кармалган. Сот жараяны 22 мартта улантылат.