БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Кристофер Паттенди кабыл алды. Анын соңунда президент Аскар Акаев Кыргызстан менен биримдиктин кызматташуусунун деңгээлине канааттанганын, ал эми биримдиктин Бишкекте өкүлчүлүгүн ачуу эки тараптуу кызматташууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын билдирди. Кристофер Паттен өз кезегинде Европа биримдиги Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууларды, анын ичинде адам укуктарын камсыз кылуу, демократиялуу коомду куруу, жакырчылыктуу кыскартуу багытында жана террорчулук, маңзаттарды ташууга каршы күрөштө кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар деп билдирди. Кристофер Паттен бул күнү өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен да жолугушуп, эки тараптын кызыкчылыгындагы бир катар маселелерди талкуулаган.