Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Иракта зобун-зомбулуктар уланууда


Бүгүн эртең менен Багдаддын түндүгүндөгү Бакуба шаарында микроавтобуска жасалган чабуулда ирактык үч журналист курман болду.
Багдаддын эларалык аэропортуна жакын жердеги америкалык аскерий базаны козголоңчулар минометтон аткылаганда америкалык эки жоокер набыт кетти.
Басра шаарында болсо автомобилге коюлган бомбадан 2 киши каза тапты.

Кечээ күнү Багдаддагы “Mount Lebanon” мейманканасынын жанында автомобилге коюлган бомба жарылып, бир нече киши набыт болгон эле.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни бул чабуулга байланыштуу кечээ жасаган билдирүүсүндө:

- Ирактагы баш кесерлер менен киши өлтүргүчтөр биздин эркибизди майтаргылары келет. Бүгүн эртең менен алар Багдаддагы мейманканага кыянат чабуул жасашты. Алардын Ирактагы демократиянын тамырын кыркуу максаты ишке ашпайт.

Ирактагы америкалык аскерлер Багдаддын “Mount Lebanon” мейманканасында болгон жардырууда жети адам өлдү, 35 адам жарадар болду деп, мурдакы билдирүүлөргө тактоо киргизишти.
Мурда террордук чабуулда 17 кишинин өлгөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG