Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Евробиримдиктин өкүлү А. Акаевдин жаңы мөөнөткө калбоосун колдоду


Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттендин Борбор Азиядагы сапары уланууда.
Паттен кечээ Бишкекке келээр замат жасаган билдирүүсүндө президент Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөт бийликте калбоо чечимин колдоп, Кыргыз өкмөтүн келээрки жылы болчу жалпы элдик шайлоонун калыс өтүүсүн камсыздоого чакырды.
Президент Аскар Акаев бүгүн Паттен менен кездешүүдө Бишкекте Евробиримдиктин өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндөгү эки жактуу келишимге кол коюлуусуна жогорку бааасын берди. Патен ушул эле күнү Ташкенге сапар алды.

XS
SM
MD
LG