Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:08

Ош шаарында микронасыяга жана элдин жигердүүлүгүн колдоого арналган «Тегерек үстөл» жыйыны өттү


ОШ. Насыя (кредит) алуу үчүн документ толтуруу амалдары айыл өкмөттөрү менен мамлекеттик каттоо агентчиликтери тарабынан көпкө создуктурулуп жаткандыктан, жыл сайын бир нече миллиондогон сомдук кредиттик портфель элге берилбей калып жатат. Мындай маанидеги сөздөр облустук жетекчилик тарабынан уюшулган бүгүнкү тегерек үстөлдө айтылды. Ошондой эле анда кредит берүүдөгү ашыкча түйшүктү жана убакытты талап кылган амалдарды кыскартуу жана күрөгө коюлган мүлктүн баасы өтө эле арзан болуп жаткандыгы жөнүндө сөз болду. Аягында губернатор Накен Касиев жалаң гана мобилизациялоо менен жакырчылыктан чыгууга мүмкүн эместигин айтып, аткаруу бийлик ээлерин жана каржы системасынын кызматкерлерин жоопкерчилик менен иштешүүгө чакырды. Облуска (Ош шаарын кошуп эсептегенде) өткөн жылы 1 млрд. 72 млн. сом насыя берилген.

XS
SM
MD
LG