Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

Европа биримдиги террорго каршы күрөш маселесин талкуудай баштады


БРЮССЕЛ. Бүгүн Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин юстиция жана ички иштер министрлери чукул чакырылган жыйынга чогулуп, 11-марттагы Мадриддеги кандуу калабадан кийин террорго каршы күрөш маселесин талкуулай башташты. Кеңешмеде Европа аймагында террорго каршы күрөштү жөндөп, башкарып туруучу атайын мекеме түзүү керекпи деген суроо коюлду. Министрлер террорчулукка катышы бар деп шектелгендердин тизмесин түзүү маселесин да карашты. Франциянын ички иштер министри Николас Саркози Евробиримдикке мүчө мамлекеттерди террорчулукка каршы күрөш жөнүндө мыйзамдарын макулдашып кабыл алууга, мурдагыларын болсо бири-бирине дал келтирүүгө чакырды. Француз министринин пикиринде, бул кадам - жексурларга каршы бирдиктүү тыл түзүүгө оңтойлуу шарт түзмөкчү.

Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Кубат ОТОРБАЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG