Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Американын аскердик аба күчтөрү талиптерге жана "ал-каидачыларга" каршы чабуул жасашты


КАБУЛ. Американын аскердик аба күчтөрү бүгүн Ооганстандын Урузган провинциясындагы талиптер жана “ал-Каида” топтору бар делген аймактарга бомба таштады. Аскер жетекчилигинин айтымында, согуш аракеттери кечээ Американын жана Ооган өкмөтүнүн күчтөрүнө кол салуу болгон аймактарда жүрүп жатат. Кармашта Кошмо Штаттарынын эки аскери набыт болуп, дагы экөө жаракат алышты. Каршылаштардан беш адам өлдү деген маалымат бар. АКШ баштаган күчтөр жакындан бери Усама бен Ладенди кармоо аракеттерин күчөткөн болчу.

XS
SM
MD
LG