Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Шайлоо алдында Тайвандын президентине ок атылды


ТАЙПЕЙ. Президенттик шайлоого бир күн калганда Тайвандын президенти Чэн Шуйбянга кол салуу болду. Курсагына ок жеген мамлекет башчысы дароо ооруканага жеткирилген. Акыркы маалыматтарга караганда, ал ооруканадан чыкты. Президенттин өкүлү Чжао Ай-Жендин айтымында, “ Чэн Шуйбян өз акылында жана мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө кудуреттүү абалда”:

- Президент Чэн менен вице-президент Аннет Лу айымга Тайнан шаарында автомашинада баратышканда ок атылды. Азыр эми алардын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок, буга ишенсеңер болот.

Чжао Ай-Жендин айтымында, ок вице-президенттин бутуна тийген.

Тайванда президенттик шайлоо ушул жекшембиге – 21-мартка белгиленген болчу. Прогрессчил демократтар партиясынын атынан ат салышып жаткан азыркы президент Чэн Шуйбяндын атаандашы улутчулдар партиясынын лидери Лян Чан. Эки талапкердин программасынын негизги айырмачылыгы – Кытай менен Тайвандын мамилесин кандай жөнгө салуу керек деген маселеде.

XS
SM
MD
LG