Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Испания соту террорго тийешеси бар делген 5 адамды абакта кармоо чечимин чыгарды


МАДРИД. Бүгүн Испания соту 11-мартта Мадриддеги 202 адамдын өмүрүн алган террорго тийешеси бар деп шектелген беш адамды мындан ары да камакта кармоо тууралуу чечим чыгарды. Мароккалык үч, Индиянын эки атуулу кандуу калабадан 3 күн өткөндөн кийин кармалган болчу.
Соттук териштирүүнү судья Хуан дэл Олмо кечээ – бүгүн жүргүздү, шектелгендер болсо кандуу окуяга тийешебиз жок дешүүдө.
Испан бийлиги камактыгылардын бирөөсүн - Жамал Зоугамды “ал-Каида” жана Мароккадагы экстемисттик уюм менен тымызын кызматташып келген деп айыптоодо. Кечээ Испан полициясы террактка тийешеси бар болушу ыктымал деп дагы беш адамды камакка алды.

XS
SM
MD
LG