Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Кар көчкүдөн жолдор тосулууда


БИШКЕК. Алабука-Чаткал автожолунун 71-жана 103-чакырымында түшкөн 20 миң кубметр кар көчкүдөн Чаткал районуна каттам токтотулду. Көчкү түшкөн жерде тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Каражол 20-мартта ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ал эми Бишкек-Ош жолунун 120-138- жана 260-чакырымында көчкү жүрүү коркунучу күтүлүүдө. Ага байланыштуу автоунааларга жолдо жүрүү күндүзгү убакытта гана өтүүгө уруксат берилген. Ошондой эле Бишкек-Торугарт автожолунун 289-чакырымындагы 2 млн. кубометрлик кар көчкүнүн айынан 17-марттан бери жол каттамы токтотулган. Учурда көчкүнү тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү түшкөн аймакта эки тарапка өтүү максаты менен көптөгөн автоунаа топтолуп турганы да кабардалды.

XS
SM
MD
LG