БИШКЕК. Өкмөттүн токтомуна ылайык, өлкө аймагында 34 чек ара текшерүү түйүнү (пункту) түзүлүшү керек болсо, каржынын тартыштыгынан улам, учурда 18 гана текшерүү түйүнү уюштурулган. Кызматтагы офицерлер өткөн жылы тамак-ашка бөлүнгөн акча каражаттарын алган эмес. Каржы министрлиги 8 млн. сом акча каражатын бере элек. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиев мыйзам чыгаруу палатасынын мамлекеттин коопсуздугу боюнча комитетинин отурумунда маалымдады. Анын айтымында, чек ара кызматкерлеринин жетишсиздигинен коопсуздук комитетинен жана тартип коргоо органдарынан офицерлер чакыртылып, чек ара бөлүгүндө кызмат өтөөдө. Ошондой эле бюджеттен каралган каражат каржы министрлиги тарабынан бөлүнүп берилбегендиктен, жаңы чек ара түйүндөрүн курууга мүмкүнчүлүк жок. Ал эми каржы министрлигинин маалыматы боюнча, чек ара кызматына өткөн жылдагы бюджеттен бөлүнгөн каражат толук берилген.