БРЮССЕЛЬ. Европа биримдигинин юстиция жана ички иштер министрлери кечээ Брюсселде жолугушуп, Европадагы терроризмге каршы күрөш маселесин талкуулашты. Испаниядагы террордук жардырууларга удаа өткөн бул саммитте министрлер терроризмге каршы күрөштү көзөмөлдөөчү кызмат керек дешти. Кызматкерди дайындап берүүнү министрлер келээрки аптада Европа биримдигинде жолуга турган өкмөт башчылардан суранмай болушту.
Министрлер терроризмге каршы күрөш боюнча координатор Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавьер Солананын алдында иштешин жактырышты. Ошондой эле Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыгын арттыруу сунушун айтышты. Ал эми Европа боюнча биргелешкен атайын кызмат түзүү сунушу колдоо тапкан жок.