Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Араб журналисттери нааразылык билдиришти


КУВЕЙТ. Бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Иракка жасаган кыска мөөнөттүү сапарынан кайтып келатып Кувейтке токтоду. Андан соң Сауд Аравиясына барат. Багдадда болгон учурунда Колин Пауэлл журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, анда Иракка демократия орнотууга АКШ чечкиндүү жардам көрсөтөөрүн билдирди. Пресс-конференцияга келген 20 араб журналисти “Аль-Аравия” телекомпаниясында иштеген эки кесиптешинин өлүмүнө нааразылык билдирип, жыйындан чыгып кетишти. АКШ аскерлери мурдагүнү жаңылыштык менен журналисттердин автоунаасын көздөй ок атышкан. Ал эми Колин Пауэлл бул иш атайын жасалбагандыгын белгилеп, окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди.

XS
SM
MD
LG