МАДРИД. Испания соту террорго тийешеси бар деп шектелген марокколук үч, индиялык эки атуулду камакта кармоо мөөнөтүн дагы узартты. Соттук териштирүүнү судья Хуан де Олмо жүргүздү. Анын белгилегендерине караганда, террактка марокколук үч атуулдун тикелей тиешеси бар, ал эми калган экөө аларга жардамдашкан. Үч марокколукка 190 адамдык өмүрүн кыйды жана дагы 1400 адамдын өмүрүнө кол салды деген айып коюлушу айтылууда.
Бул беш адам жарылуудан үч күндөн кийин кармалган. Бирок, алар өздөрү терракта катышы жок экенин айтышууда. Испан бийлиги болсо камактагылардын бири - маррокколук Жамал Зоугамды “Алкаида” жана Мараккодогу террористтик уюм менен байланышы бар деген айып коюуда. 11-мартта Мадридге каттаган төрт поезд катары менен жарылып, анда 202 адам өлүмгө кабылган.