Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Индия АКШга нааразылык билдирди


НЮ-ДЕЙЛИ. Бүгүн Индиянын тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын Пакистанга өзгөчө аскердик статусту ырасмий Делиге кулакдар кылбай туруп бергенине нааразылык билдирди. Индия ушул тапта АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Пакистанга “НАТОго кирбеген өлкөлөр ичинен аскерий башкы өнөктөш” деген бааны кандай шартта бергенин иликтеп жатат. Кошмо Штаттары Пакистан менен аскердик жаңы мамиле түзүүгө ниет кылган болчу. Ага ылайык ырасмий Исламабад Австралия, Египет, Израил, Жапония жана Таиланд сыяктуу эле АКШдан айрым куралдарды жеңил шартта алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тизмеге Индия кошула элек.
Индия менен Пакистан алар 1947-жылы Улуу Британиядан эркиндик алгандан бери үч ирет согушту. Кашмир маселеси кырдаалды кыйла курчуткан. Бирок акыркы учурда инди-пакистан мамилеси жакшырып келаткан болчу.

XS
SM
MD
LG