Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:32

Косового НАТОнун жаңы күчтөрү келип жатат


ПРИШТИНА. Маалыматтарга караганда, бүгүн Косоводо абал тынч. Сербдер менен албандардын шаршембиде башталган улут аралык кагылышуусунан 31 адам мерт болуп, жүздөгөн кишилер жаракат алышкан. Кечээ НАТОнун күчтөрүнүн башчысы Грегори Жонсон Косоводогу кандуу калабаны этносту тазалоого салыштырды:

– Биз баштан кечирип жаткан көйгөйдү чогуу чечишибиз керек. Бул иш аракеттер, кептин ачыгы улутту тазалоого барабар жана аны токтотуу зарыл. Ошондуктан биз бул жердебиз.

Акыркы күндөрдө НАТОго мүчө жети мамлекеттин 2000дей аскерлери НАТОнун Косоводогу 18 миңдей аскерине жардам берүүгө кошулду. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, сербдердин 112 үйү, 16 чиркөөсү өрттөлдү. Миңге жакын сербдер үйлөрүн таштай качышты. Чатак 3 албан баланы сууга ыргытып жиберүүдөн тутанган.

XS
SM
MD
LG