Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Тайванда президенттик шайлоону азыркы мамлекет башчысы жеңди


ТАЙПЕЙ. Тайванда бүгүн өткөн президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы Чэн Шуйбян атаандашы Лян Чандан болгону 30 миң добушту көп алып, жеңишке жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Чэн Шуйбянга 6 471 970 добуш берилди.

Улутчулдар партиясынын лидери Лян Чан шайлоону адилетсиз өттү деп, добуштарды кайра саноону талап кылууда. Шайлоого 13 миллион адам катышты.

Экинчи мөөнөткө шайланган президент Чен Шуйбян бүгүн эл алдында сүйлөп, Кытайды Тайвандагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын таанууга чакырды. Кытай-Тайван маселесин тынч жол менен чечүү ниетин билдирди.

Кечээ президент Чэн Шуйбянга, вице-президент Аннет Лу айымга алар Тайнан шаарында автомашинада баратышканда ок атылган болчу. Экөө тең жеңил жаракат алышкан. Лян Чан бул окуя шайлоого өз таасирин тийгизди деп билдирди. “Ушуга чейин президентке кол салуу боюнча ачык түшүндүрмө жок”, - дейт Лян Чан.

XS
SM
MD
LG