Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Дүйнөдө Ирактагы согушка каршы демонстрациялар өттү


СИДНЕЙ. Бүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Ирактагы согуштун бир жылдыгына карата демонстрациялар өттү. Биринчилерден болуп көчөгө австралиялыктар чыгышты. Сиднейде эки миңдей, Мелбурнда үч миңдей адам катышкан жыйындар өтүп, анда премьер-министр Жон Хауардын наамына сындар айтылды. Австралиянын аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү талабы коюлду.

Ирактагы согушка каршы акциялар Европанын Германия, Испания, Италия, Греция, Британия сыяктуу мамлекеттеринде жана Азиянын өлкөлөрүндө да болду. Лондондо 25 миңдей киши катышкан жыйында Жорж Буштун, Тони Блэрдин наамдарына курч сындар айтылды. Эки активист башты айланткандай бийик Биг Бэн саатына чыгып, согушка каршылыгын ушинтип билдиришти. Сеулда 1500дей студенттер көчөгө чыгышты. Токиодо миңдеген адамдар барабанын бапылдатып, Жапониянын Ирактагы миңге жакын аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышты.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш кечээ "Ирактагы согуш өзүн актады, анткени Саддамдын режими кулап Жакынкы Чыгыштагы зордук-зомбулуктун тамыры кыркылды" деп билдирди:

– Биз Жакынкы Чыгыштагы сокур ишенүүчүлүктүн, жек көрүүчүлүктүн жана террордун ордуна демократияны сунуштап, реформаларды колдоону көздөгөнбүз. Биз азапка батуунун жана радикализмдин чынжырын үзүп, Америка, Европа жана дүйнө жүзүнүнүн көчөлөрүндөгү жардыруулардын алдын алалы дегенбиз. Бул - тарыхый жана кыйын милдет. Бирок ал зарыл жана биздин аракеттерибизди актай турган милдет.

Мындан туура бир жыл мурда – 2003-жылдын 20-мартында Кошмо Штаттарынын жана анын өнөктөштөрүнүн аскер күчтөрү Иракка кирип, Саддам Хусейндин режимине каршы согуш баштаган.

XS
SM
MD
LG