Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:54

Чүй облусунун аймагындагы жер астынан чыккан суунун деңгээли төмөндөй баштады


ЧҮЙ. Өткөн айда өкмөт башчы Николай Танаевдин Чүй облусун кыдыруусунан кийин суу баскан аймактарды калыбына келтирүү чараларын көрүү үчүн өкмөттүк комиссия түзүлгөн эле. Аталган комиссия Чүй облустук граждандык коргонуу уюмунун кызматкерлери менен иш жүргүзүүдө. Күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук бөлүмүнүн башчысы Усубалиев Жумадылдын билдиришинче, жер алдынан чыккан суунун деңгээли айрым аймактарда 18-20 сантиметрге чейин төмөндөдү. Бирок, адистердин божомолу боюнча жаз айларында суунун деңгээлинин жогорулоо коркунучу күчтүү. Анткени, күндүн жылышы менен мөңгүлөрдүн эрип, жер алдындагы суунун көтөрүлүшүнө түрткү болушу толук ыктымал. Бүгүнкү күндө облус боюнча 13 техникалык топ 37 суу баскан аймакта иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG