Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Манас районундагы Кайыңды айыл өкмөтү инвестициялык долбоордун жеңүүчүсү болду


ТАЛАС. Бүткүл дүйнөлүк банк менен Япон өкмөтү биргелешип ишке ашыра баштаган айылдык инвестициялык долбоордун ар бири 25 миң долларлык каражатын буга чейин Манас районундагы Үчкоргон жана Май айыл өкмөттөрү жеңип алган. Ал жөнүндөгү сертификатты өлкө президенти Аскар Акаев аларга ушул жыл башында Таласка келгенде тапшырып кеткен. Эми бул долбоордун 25 миң долларлык кредитин конкурстун негизинде райондогу бийик тоолуу Кайынды айыл өкмөтү утуп алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук администрациядан 20-март күнү маалымдашты. Ушуну менен долбоорго Талас облусу боюнча 5 айыл өкмөтү камтылды. Бул долбоорго Кыргызстан боюнча быйыл 48 айыл өкмөтү долбоор даярдап, алардын ичинен 28 пилоттук айыл өкмөтү каржыланды.

XS
SM
MD
LG