БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны кумар оюндары ойнолуучу жайлардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык оюн ойнолуучу ар бир үстөл үчүн патенттин акысы 50 миң сом болот. Ал эми бир жайга коюлган үстөлдөрдүн саны ондон кем болбоого тийиш. Андан тышкары кумар оюндары ойнолуучу жайларга лицензия берүү укугун ушул жылдын 1-июнунан тарта Каржы министрлиги алат. Буга чейин Кыргызстанда андай 130 жайга лицензия берилип, 2002-жылы 40 миллион, өткөн жылы 58 миллион сом казынага түшкөн. Мамлекетке түшүп жаткан мындай пайдага карабастан Каржы министрлиги көптөгөн мыйзам бузуулардын, салык, патент акысын төлөбөгөн фактылардын бетин ачкан. Ушундан улам парламент андай жайларды маданий, билим берүү жайларынын жанына ачууга тыюу салды. Кыргызстанда азыр 40 казино бар. Ал эми 65 миллион калкы бар Германияда 39 казинонун иштөөсүнө гана уруксаат берилген.