БИШКЕК. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оперативдик бөлүмүнөн жекшембиде алынган маалыматка караганда, Бишкек-Торугарт жолунун Долон бөлүгү кар көчкүдөн тазаланып бүтө элек. Учурда тазалоо иштери уланууда. Ошондуктан жол жабык. Бирок, Нарын тараптан келгендер жана Бишкектен Нарынга бараткандар көчкү жүргөн жерди жөө басып өтүп, унаа алмаштырып сапарын улантууда. Маалыматка караганда, кар көчкү жакынкы күндөрдө тазаланып бүтүп, жол ачылмакчы.
Жергиликтүү кабарлардын жекшемби күнкү топтомун Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчыларыбыз даярдашты.
Жергиликтүү кабарлардын жекшемби күнкү топтомун Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчыларыбыз даярдашты.