БИШКЕК. 20-мартта өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Маркус Мюллерди кабыл алган. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууда президент Аскар Акаев ЕККУнун менен Кыргызстандын кызматташуусу кеңейип, бир канча натыйжалуу боло баштагынын белгилеген. Ага мисал катары, ЕККУнун өлкөнүн билим берүү, саламаттык сактоо, тартип коргоо органдарын реформалоо тармагында ишке ашырып жаткан долбоорлорун келтирген. Маркус Мюллер президент менен мына ушул долбоорлорду аткаруунун жүрүшү тууралуу маектешкен.