НАРЫН. Нооруз майрамына келгендерди губернатор Аскар Салымбеков куттуктап, өткөн жылда областтын кирешесинин 70% берген айыл чарбасындагы өсүш 105%, ал эми өнөр жай тармагындагы өсүш 102% өйдөлөгөндүгүн, тоолуу региондо былтыркы жылы 9470 үй бүлө жакырчылыктан чыккандыгын шыктануу менен белгиледи. Ал эми "Алга Кыргызстан" биримдик жана өнүгүү партиясынын облустагы өкүлчүлүгү саясий иш-чара өткөрдү. Алар Нарын эркиндик экономикалык аймагынын жанындагы партиянын иш кеңсесинде коомчулукка сый тамак беришти.
Күмөндөр Усупов.
Күмөндөр Усупов.