Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Тайвандын жогорку соту президенттик шайлоодогу добуш берүүнү тактайт


Тайвандын Жогорку соту кечээ өткөрүлгөн шайлоодо салынган бюлетендерди жана урналары бекитип, мөөр басуу тууралуу чечим кабыл алды. Тайванда кечээ президенттикке шайлоо өткөрүлгөн болчу. Анда өлкөнүн азаркы президенти Чен Шуйбянь минималдык артыкчылык менен жеңип чыккан. Жеңилген Лянь Чань жана опозициянын башка өкүлдөрү добуштарды кайра санап чыгууну талап кылып жатышат. Бүгүн буга байланыштуу көп адам катышкан демонстрация болду.
Тайванда президенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүлгөн. Ага “ракетага каршы коргонуу куралдарын сатып алуу керекпи” жана “Кытай менен сүйлөшүү жүргүзүү керекпи” деген эки суроо коюлган. Референдумга жетиштүү сандагы адам добуш бербегендиктен, ал жараксыз деп табылды.

XS
SM
MD
LG