Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Израил-палестин чатагынын курмандыктары дагы сегиз адамга көбөйдү


Жөөт аскерлери кечээ шамдан кийин Израилге кирүүгө аракет кылган палестиналык эки жаранды атып өлтүрүштү. Израил армиясынын маалымдашынча, куралдуу палестиндер жөөт аскерлери менен жөөт келгиндерине кол салууну пландаштырып жатышкан.
Андан мурдараак жөөт аскерлеринин Газа тилкесине жасаган жортуулу учурунда алты палестиналык, анын ичинде эки согушчан өлтүрүлгөн болчу.
Палестин өкмөтүнүн мүчөсү Саеб Эракат - премьер-министри Ариел Шарон Газадагы жөөт конуштарын көчүрүп кетүү планын жарыя кылгандан болгон кандуу калабаны айыптады.

XS
SM
MD
LG