Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Пакистан: Түштүк Вазиристандагы уруш беш күнгө токтотулду


Пакистандык аскерлер Ооганстанга чектеш Түштүк Вазиристан провинциясында “ал-Каидачылар” деп шектелген согушчандарга каршы жүрүп жаткан чабуулун беш күнгө токтотушту. Ок атууну токтотуу жергиликтүү уруу башчыларына курчоодогу согушчандар менен колго түшүп берүүнүн шартын сүйлөшкөнгө мүмкүндүк берет. Пакистан өкмөтү согушчандардан барымтадагы адамдарды бошотууну жана чет элдиктердин колго түшүп берүүсүн талап кылууда.
Карапайым элдин ичиндеги жоготуулардын өскөнүнөн кооптонгон уруу аксакалдары урушту токтотуп, сүйлөшүүгө чакырган эле.
Өкмөттүк аскерлер шейшемби күндөн бери 100 чамалуу согушчанды колго түшүргөн. Алардын арасында өзбектер, чечендер, арабдар жана жергиликтүү пуштундар бар.

XS
SM
MD
LG