Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

Косоволук албандар уулдарын жайга берди


Косоволук албандар өткөн жумада сууга чөгүп мерт болгон эки баланын сөөгүн кечээ күнү жерге беришти. Тажия маалында тополоң чыгып кетпеси үчүн провинцияда кошумча коопсуздук чаралары көрүлдү.
Эки баланын өлүмүнөн улам албандар менен серб азчылыктары ортосунда чыккан кагылышууда 28 адамдын өмүрү кыйылып, 600 киши жарадар болгон, 3 600 киши там-жайсыз калган. Албандар балдарды серберден качып, сууга чөгүштү деген ишеничте.
Косово албандарынын өкмөт башчысы Бажрам Режепи тажияда:

- Сүйүктүү адамдардын жоготкон бүлөлөрдүн күйүтүн жеңилдетүүчү сөздү таап айтуу өтө кыйын иш, -деди.

Режепи ошондой эле уулдарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн косоволуктардын кандаштарын сабырдуулукту көрсөтүп, сербдерге зобундук көрсөтпөөгө чакыруусун оң баалады.

XS
SM
MD
LG