Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:12

Ооганстандагы дагы бир министр өлтүрүлдү


Ооганстандын авиация жана туризм боюнча министри Мирвайс Садык машинесине ракета тийип, кечээ, жекшемби күнү Герат шаарында курман болду. Аны менен кошо полициянын эки кызматкери да өлдү. Ракета чабуулунан кийин чыккан жааташтык урушунда бери дегенде 100 киши набыт болгонун кабарчылар билдиришти. Бу кабарды көз карандысыз маалымат булактары тастыктай элек.
Герат провинциясынын губернатору Исмайыл Хандын уулу Садек талибдердин бийлиги кулатылгандан бери киши колдуу болуп өлгөн үчүнчү министр.
Ысмайыл Хандын өкүлү чабуул үчүн жергиликтүү өкмөттүк аскерлердин башчысы Закир Найебзаданы айыптады.

XS
SM
MD
LG