Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Каракулжа-Алайкуу жолу кар көчкүдөн тазаланып жатат


ОШ. Жарым ай бою жабык турган Каракулжа - Алайку жолу катар-катары менен түшкөн кар көчкүлөр төрт техниканын күчү менен бир сыйра ачылып, автоунаалар каттай баштаганда бир күндөн кийин кайра жабылды. Айрым жерлерге кайра кар көчкү түшкөн. Райондук мамлекеттик акимчиликтен алынган маалыматка караганда, мындан аркы жолду тазалоо иши анча кыйынга турбайт. Анткени тоодой-тоодой көчкүлөр тазаланган. Техникалар бир-эки күн ары-бери каттаса эле жол толук ачылып калат. Бирок кыскараак убакытка кайра-кайра жол жабылып турганы турган иш. Себеби кийинки жааган кар толук көчүп бүтө элек. Ошол эле кезде марттын аягына чейин жүргүнчүлөр тобокелчиликке салбай турганы оң.

XS
SM
MD
LG