Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Бакайата райондук прокуратурасынын ишинде кемчиликтер арбын


ТАЛАС. Бул тууралуу Талас облусунун прокурору Абыл Жээналиевдин, ушул эле облустук прокуратуранын кылмыштардын тергөөсүнө көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Абдымуталип Нарматовдун, Бакайата районундагы Боотирек айыл өкмөтүнүн алдындагы аксакалдар сотунун төрагасы Самүдүн Сыдыгалиевдин сунуштамасында берген расмий жоопторунда айтылат. Райондук прокуратурада кылмыш иштерин жең ичинен сүйлөшүп башка нукка буруп жиберүү, болбосо өндүрүштөн негизсиз токтотуп, ишти жаап коюу фактыларынын бети ачылып, тергөөчү Жамшитовго, райондун прокурору Токтогуловго облустук прокуратура тарабынан тартиптик жазалар көрүлгөн. Райондук прокуратурадагы мындай мыйзамсыз аракеттерге таасир көрсөтүү өтүнүчү туурасында аксакалдар сотунун төрагасы акыйкатчынын облустук бөлүмүнө да кайрылган. Акыйкатчылар кандай аракет көргөндүгү туурасында азырынча маалымат берише элек.

XS
SM
MD
LG