Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Мыйзам чыгаруу жыйыны эртең ишин улантат


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны эртең өз ишин улантат. Өткөн аптада палатанын көпчүлүк депутаттары чет өлкөлөрдө иш сапарларда болушкандыктан кворум болбой, комитеттер гана иштеген. Эртең Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Кыргыз өкмөтү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоону улантышат. Буга чейин аталган мыйзам долбоорунун талаш-тартыштуу болгон 5 беренеси кайра иштеп чыгуу үчүн мыйзамдын демилгечилерине жана палатанын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетине тапшырылган. Мыйзам чыгаруу палатасы «Өкмөт жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун кароону 1-мартта баштаган.

XS
SM
MD
LG