БИШКЕК. 26-мартта Минскиде КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында келишимге ылайык тартип коргоо багытындагы кызматташтык, анын ичинде автоунаа уурдоого каршы күрөшүү, уурдалган автоунааларды кайрып берүүнү камсыз кылуу маселелери каралат. Ошондой эле уюшкан кылмыштуулукка жана башка кылмыштуу топторго каршы күрөшүүчү координациялык бюро жана маңзаттарды ташып, сатууга каршы Борбор Азияда оперативдик топ түзүү сунушталат. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандагы Орусиянын элчилигинен билдиришти. Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунда КМШда президенттик, парламенттик шайлоодо жана референдум өткөрүүдө байкоочулар үчүн жобо иштеп чыгуу маселеси да талкууланат.