Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Кыргызстандык байкоочулар Грузияга жөнөп кетишти


БИШКЕК. Бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюумунун эки өкүлү Грузияга жөнөп кетти. Бул уюмдун Ысыккөл облусундагы өкүлдөрү Динара Аляева жана Антонина Ли Грузиядагы парламенттик шайлоого көз карандысыз байкоочу катары катышышат. Алардын бири Тбилисиде, бири - Ажарияда парламенттик шайлооонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүшөт. Бул тууралуу бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова «Азаттыкка» маалымдады. Бул уюмдан Грузияга барган байкоочулар ал жерде 30-мартка чейин болушат. Грузиядагы парламенттик шайлоо 28-мартта өтөт.

XS
SM
MD
LG