Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

Акыйкатчы Аксы окуясы боюнча доо арызды иликтейт


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Аксы районунан 18 аялдын Жогорку сотко кайрылган арызы боюнча көз карандысыз иликтөөсүн баштайт. Бул тууралуу акыйкатчынын кеңсесинен бүгүн маалымдашты. Өткөн жылдын март айында Аксы районунан 18 аял Бишкекке келип, 2002-жылы Аксыда болгон кандуу окуяга күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен пикетке чыгуу аракетин көрүшкөндө милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, уруп-токмоктоолорго кабылышкан. Алар ошондой эле борбор калаадагы убактылуу камоо жайларында кармалышкан. Нааразылык билдирип чыккан аялдар аларга жасалган мындай мамилеге каршы акция иретинде ачкачылык жарыялашкан. Милиция кызматкерлери тарабынан бул аялдардын укуктарынын одоно бузулгандыгы боюнча алар Жогорку сотко доо арызы менен кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG